Казакстанда жаңы антирекорд: Бир суткада дээрлик 7,5 миң оору жугуу катталды

Казакстанда жаңы антирекорд: Бир суткада дээрлик 7,5 миң оору жугуу катталды

Казакстанда коронавирустун таралышы кайра антирекорд көрсөттү. Өткөн жумада өлкөдө COVID-19 жуккан 7 жарым миң учур катталды. Андан борбор шаарда 1 571 киши оору жугузган. 24 саатта ичинде Алматыда 1 450 адамдан коронавирус аныкталган. Ал эми Караганды облусунда миңден ашык оору жугуу учуру катталды. Жалпысынан пандемия башталгандан бери республикада 557 миң кишиге оору жуккан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 90 миңден ашык казакстандык коронавируска каршы дарыланып жатат. Алардан 25 миң адам өлкөнүн стационарларында дарыланууда. Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата вакцинанын биринчи компонентин 5 миллион 275 миң казакстандык алды. Ал эми 3 жарым миллиондон ашык киши толук эмдөөдөн өттү.