Казакстандын аймактарында карантин күчөтүлөт

Казакстандын аймактарында карантин күчөтүлөт

Караганды облусунда эпидемиологиялык кырдаал туруктуу эмес. Күн сайын аймакта COVID-19 оорусу жуккан жүздөгөн жаңы учурлар катталууда. Акыркы эки жумада коронавирустун жайылышы эки эсеге өскөн. Буга байланыштуу башкы санитардык дарыгердин карантинди күчөтүү тууралуу жаңы токтому кабыл алынган. Ал теке айынын 29-күнү күчүнө кирет.

««Ashyq» тиркемесин колдонгон соода-оюн зоок борборлору, сулуулук салондору, фитнес-борборлор, спорт комплекстер жана коомдук тамактануу жайлары саат 9.00 тартып, кечки бешке чейинки кыскартылган иш убактысына өтөт. Ал эми бул тутумда жок ишканалар түшкө чейин гана иштейт. Мындан тышкары, аймак ичиндеги жана облустар аралык жүргүнчү ташуучу айрым автобус каттамдары токтотулат. Мурдагыдай эле массалык иш-чараларды жүргүзүүгө болбойт».

Чектөө чаралары Кызыл-Ордо облусунда дагы күчөтүлөт. Ал жакта акыркы суткада COVID-19 оорусу 168 жашоочуга жуккан, алардын ичинен 19 бейтап балдар. Оору жугузгандардын басымдуу бөлүгү облус борборуна туура келет. Дарыгерлердин айтымында, шаардын дарылоо жайларына басым өсүп жатат. Учурда стационарлардын жүктөмү 90% түздү. Бейтаптардын көбү оор абалда.

Ерлан Узакбаев, Кызылордо шаарынын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери:

- Токтомго ылайык, дем алыш күндөрү коомдук унаалардын кыймылы токтотулат. «Ashyq» долбооруна катышканына карабай, ишемби жана жекшемби күндөрү соода жана оюн-зоок борборлору, ошондой эле, шаардык маданият жана эс алуу паркы жабылат. Мындан тышкары, иш күндөрү коомдук тамактануу жайларынын ишмердүүлүгү чектөөгө алынат. «ASHYQ» долбоорунун катышуучулары 50 пайыздан ашпаган кардарлар менен саат 20.00 чейин иштей алышат. Ал долбоорго кирбеген тамактануу жайлары кечки саат бешке чейин гана иштейт.