Өткөн суткада 6 797 адамдан коронавирус аныкталды

Өткөн суткада 6 797 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда коронавирустун жугуу көрсөткүчү боюнча жаңы антирекорд катталды. Өткөн суткада 6 797 кишиден COVID-19 аныкталды.

Эң жагымсыз эпидемиологиялык кырдаал борбордо сакталып турат. Мында акыркы 24 саатта 1 537 оору жугуу учуру катталды. Ал эми Алматыда 1 207 кишиден коронавирус аныкталган. Караганды облусу дагы антирекорд көрсөттү. Аймакта 796 кишиге оору жукканы каттоого алынды. Пандемиянын башынан бери коронавирус жугузгандардын саны 543 миң кишиге жакындады. Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген боюнча, учурда 87 миңден ашык казакстандыктар кооптуу вируска каршы дарыланып жатат. Алардан 24 миң киши стационарларда дарыланууда. Бүгүнкү күнү Казакстанда 3 миллион 356 миң 960 адам толук эмдөө алган.