Казакстанда карантин чаралары күчөтүлдү

Казакстанда карантин чаралары күчөтүлдү

Нур-Султан бир нече жумадан бери коронавирус жугузган бейтап саны боюнча антирейтингден түшө элек. Татаал эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу борбордо карантиндик чаралар күчөтүлдү. Көңүл ачуу борборлору жана соода үйлөрү саат 10.00 тартып 17.00 чейин ачык болот. «Ashyq» долбооруна катышканына карабай, дем алыш күндөрү иштөөгө тыюу салынат. Бул күндөрү дарыканалар жана азык-түлүк дүкөндөрү гана иштейт.

Республиканын башка аймактарында да кырдаал жакшы эмес. Мисалы, Батыш-Казакстан облусунда бийлик дем алыш күндөрү коомдук транспорттун ишин чектөөнү чечкен. Банктар жана калкты тейлөө борборлорунун иш убактысы дагы кыскартылган.

Мухамгали Арыспаев, БКО Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчиси:

- Эгерде өткөн жылдын көрсөткүчтөрү менен салыштырсак, катталган жугуу учурларынын саны 60% ашып кетти. Дегеле теке айында кырдаал абдан курч болду. Көп ооруканаларда бош орундар жок. Мисалы, азыркы учурга карата облустук клиникалык стационардагы 98% орун бейтаптарга толгон.

Ал эми Алматы облусунда дем алыш күндөрү коомдук унаалардын ишине тыюу салуудан тышкары, «Ashyq» долбооруна катышуусуна карабай иш күндөрү ачык жана жабык көлмөлөр, аквапарктар менен аттракциондордун ишмердүүлүгү токтотулган. Коомдук тамактануу жайлары санитардык дарыгердин жаңы токтомуна ылайык, кечки саат сегизге чейин гана иштейт.