Дарыгерлер: эмдөө мурдагы жашоого кайтууга көмөктөшөт

Дарыгерлер: эмдөө мурдагы жашоого кайтууга көмөктөшөт

COVID-19 оорусуна каршы эмдөө казакстандыктарга мурдагы көнүмүш жашоого кайтууга жардам берет. Эмдөөнүн канчалык маанилүү экенин борбор шаардагы медициналык борборлордун биринин директору - Жазира Ембердиева айтып берди. Анын айтымында, өлкөдө вакцинация аркылуу гана жамааттык иммунитетке жетишүүгө болот. Эгерде бардык жарандар эмдөөгө олуттуу мамиле кылса, бул коомдук мекемелер кадыресе режимде иштеген «карантинге чейинки» жашоого кайтууга мүмкүндүк берет. Дарыгерлер эмдөөдөн коркпоого жана анын зыяны жөнүндө соцтармактардагы фейктерге эмес, текшерилген булактарга гана ишенүү керектигин баса белгилешет.

Жазира Ембердиева, медициналык борбордун директору:

- Биздин калктын саны 19 миллион киши. Ал эми жамааттык иммунитетке жетүү үчүн 60% эмделиши керек. Ошондо бизде жамааттык иммунитет түзүлөт жана биз эч коркпой саякатка чыгып жана мурдагыдай жол жүрүп, баарлашып, конокко бара алабыз. Тилекке каршы, азыр мындай жашоо мүмкүн эмес.

Эске салсак, акыркы маалыматтар боюнча, кооптуу вируска каршы вакцинанын биринчи компонентин алган казакстандыктардын саны 5 миллион кишиден ашты. Ал эми жаматтык иммунитет түзүү үчүн бул сан дагы эки эсе көп болууга тийиш. Азыркы учурда республикада эпидемиологиялык кырдаал катаал бойдон кала берүүдө: мисалы өткөн суткада коронавирустук инфекцияны 5 миң 700 ашык адам жугузган, ошол эле күнү ковид дартынан биздин 64 мекендеш каза тапты – бул ойлонууга түрткү бере турган жагдай.