Жаңы буйрук: Коронавируска каршы вакцина албаган кызматкерлердин жумушка келүүсүнө чектөө киргизилет

Жаңы буйрук: Коронавируска каршы вакцина албаган кызматкерлердин жумушка келүүсүнө чектөө киргизилет

Казакстанда коронавируска каршы вакцина албаган кызматкерлердин жумушка келүүсүнө чектөө киргизилет. Бүгүнтөн баштап иш берүүчү вакцина алганын тастыктабаган кызматкерлерди жумушка киргизбөөгө укуктуу. Жаңы буйрукка өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Ерлан Кыясов кол койду. Бул талап туруктуу медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар, акыркы үч айда коронавирус менен ооруган кызматкерлерге тиешелүү эмес.

«Кызматкерлерге туруктуу медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар жана соңку үч ай ичинде COVID-19дан сакайып чыккан адамдарды кошпогондо, 2021-жылдын баш оона айынын 10на чейинки мөөнөттө COVID-19га каршы вакцинанын биринчи компоненти менен ал эми 2021-жылдын аяк оона айынын 1не чейинки мөөнөттө вакцинанын экинчи компоненти менен профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүүнү уюштурсун», - деп айтылат буйрукта.

Ошондой эле, аталган документке ылайык, эми өлкөгө жаңы учуп келген казакстандыктар ПЧР-тестинин аныктамасы болбогон учурда үч күнгө обочолонот. Буга катар, вирусту чет өлкөдөн жуктуруп келгендер жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков