Өткөн суткада 3 600 казакстандыктан коронавирус аныкталды

Өткөн суткада 3 600 казакстандыктан коронавирус аныкталды

Казакстанда өткөң суткада коронавирус инфекциясынын 3 693 учуру аныкталды. Өлкөнүн башкы шаары кайрадан өсүш жагынан анти-лидерге айланды. Нур-Султан шаарында 978 адамда ПЧР-тести аркылуу тастыкталды. Караганды облусунда 596 адам илдетке чалдыкса, Алматы шаарында 535 бейтап вирусту жугузуп алган. Жалпысынан, республикада пандемия башталгандан бери 462 миңден ашуун бейтап катталды.

Ошол эле учурда, дагы бир аймак - Түндүк Казакстан облусу ушул сааттарда «кызыл» аймакка кирди. Муну менен катар өлкөнүн 12 аймагы: Акмола, Актөбө, Атырау, Батыш Казакстан, Караганды, Костанай, Мангыстау, Павлодар, Түндүк Казакстан облустары жана 3 ири мегаполис кирди. «Сары зонада» - Алматы, Жамбыл жана Кызылорда облустары жайгашты. Калган аймактардын бардыгы коопсуз деп аталган «жашыл» аймакта.

Которгон: Илгиз Жамалбеков