COVID-19: Казакстандыктар убакыттын өтүшү менен эки түрдүү вакцинаны алууга болот

COVID-19: Казакстандыктар убакыттын өтүшү менен эки түрдүү вакцинаны алууга болот

Казакстанда бүгүнкү күндө «Спутник-V», «HayatVax» жана ата мекендик «QazVac» вакциналары акысыз жеткиликтүү. Коронавирус эпидемиясы басаңдабай, тескерисинче, ар кандай түрлөрү пайда болгонуна байланыштуу, өлкөнүн жарандары массалык эмдөөдөн өтүп жатышат. Бирок, бул вакциналар көптөгөн чет мамлекеттерге жарандардын эркин кирип-чыгуусун чектейт. Ошондуктан, калк арасында вакцина алгандан кийин Pfizer, Moderna, AstraZeneca сыяктуу эл аралык деңгээлде таанылган препараттарды колдонууга болобу же жокпу деген суроолор пайда болду. Ата мекендик иммунологдор калктын суроолоруна жооп беришти. Медицина илимдеринин доктору Күлаш Курманованын айтымында, вакцинанын эки компонентинен кийин башка препарат менен эмделүүнүн эч кандай зыяны жок.

Күлаш Курманова, «Улуттук медициналык ассоциациясы» РКбнын инфекционист дарыгерлер бирикмеси бөлүмүнүн президенти:

- Биз алгач биринчи компонент, андан кийин экинчиси менен эмделебиз. Ошондуктан, иммуноглобулиндердин өндүрүшү андан да активдешет. Анткени организм иммунологиялык эс тутумду сактайт. Эмдөөдөн өткөндөн кийин, башка вакциналардын зыяны болбойт. Иммуноглобулиндер пайда болгондон кийин жарандар убакыттын өтүшү менен башка препарат менен эмделе алышат. Тактап айтканда, башка препарат менен эки-үч айдан кийин, ал эми эң кыска мезгил - үч жумадан кийин сайдырууга болот. Эң башкысы, адамдын организми вакцинаны кандай кабыл алгандыгына байланыштуу. Жалпысынан, эмдөөдөн кийинки иммунитет орто эсеп менен бир жылга чейин сакталат.

Белгилей кетсек, биринчи компонент менен 4 миллион 372 миң 235 адам, экинчи компонент менен 2 миллион 442 миң 715 казакстандык эмдөөдөн өткөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков