Казакстанда коронавирустун күнүмдүк көрсөткүчү боюнча жаңы анти-рекорд катталды

Казакстанда коронавирустун күнүмдүк көрсөткүчү боюнча жаңы анти-рекорд катталды

Казакстанда коронавирустун күнүмдүк көрсөткүчү боюнча жаңы анти-рекорд катталды. Акыркы сутка ичинде эле өлкөдө 3 899 бейтап аныкталган. Республиканын борбору буга чейин бир нече жумадан бери өсүш жагынан анти-лидер болуп келген. Бул жерде 950 учур катталды. Алматы шаарында 638. Ал эми Караганды облусунда 630 адам кооптуу илдетке чалдыккан. Пандемия башталгандан бери жалпысынан өлкөдө 458 миңден ашуун бейтап коронавирусту жугузуп алган.

Буга катар, ушул сааттарда республиканын 11 региону «кызыл» зонада турат. Буга 3 ири шаарлар, ошондой эле Акмола, Актөбе, Атырау, Батыш Казакстан, Караганды, Костанай, Мангыстау жана Павлодар облустары кирди. Коопсуз делген «жашыл» аймакта: Чыгыш Казакстан жана Түркестан облустары. Калган аймактардын бардыгы коронавирустун жайылышы боюнча «сары» зонада кала берүүдө.

Котогон: Илгиз Жамалбеков