Коронавирус: Борбор калаадагы абал курчуп баратат

Коронавирус: Борбор калаадагы абал курчуп баратат

Борбор калаада коронавируска чалдыгып, оор абалда жаткан ар бир бешинчи бейтап кырк жашка чыга элек. Шаардын коомдук саламаттыкты сактоо башкармасы билдиргендей, буга чейин 60 жаштан жогорку курактагы адамдар кооптуулук тобуна кирсе, учурда коронавирус башка курактагы топторго коркунуч жаратууда. Миңден ашуун бейтап шаардын инфекциялык ооруканаларында дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатат. Керебеттердин жарымынан көбү толгон. Медицина кызматкерлерине артылган жүк бир нече эсеге көбөйдү. 100дөн ашуун бейтап жандандыруу бөлүмдөрүндө жатат.

Эске сала кетсек, акыркы бир жумада борбор калаада коронавируска чалдыгуу 43%га көбөйгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков