Dior музасы тууралуу даректүү тасманын бет ачары болду

Dior музасы тууралуу даректүү тасманын бет ачары болду

Германияда белгилүү француз дизайнери Кристиан Диордун музасы болгон казак кызы Алла Ильчундун жашоосу жөнүндө документалдуу фильмдин бет ачары болду. Берлиндеги иш-чарага чет элдик өнөр сүйүүчүлөр коому жана ал жерде жашаган казакстандыктар катышты. Тааныштыруудан кийин авторлор тасманы тартуу иштери жана алдыдагы убакытта аны кайсы платформаларда көрүүгө боло тургандыгы жөнүндө айтып беришти. Аталган чыгарманы Италия, Австрия жана Улуу Британия мамлекеттеринде көрсөтүү мерчемделип жатат. Ошондой эле, көркөм фильм тартуу маселеси да каралууда.

Берлин Иришев, режиссёр, фильмдин башкы продюсери:

- Бул Казакстандын дүйнөлүк мода индустриясына кошкон салымы. Алла Ильчундун ысымын жандандырганыбызга кубанычтабыз. Жумуштун эң татаал бөлүгү - маалымат топтоо жана хроникаларды издөө болду. Диор үйүндө бул маалыматтар сакталбаган болуп чыкты. Акыры жети мамлекеттен маалымат табылып, колубузга тийди. Фильмди мазмундуу кылуу үчүн биз фото-сүрөттөрдү колдондук. Биз аны ээлеринен сатып алдык. Биз үчүн эң негизгиси, ишибизди Dior мода үйү колдоп жаткандыгында.

Фильмдин бет ачарынын алкагында көрүүчүлөргө казак жана немис музыканттарынын катышуусунда концерт коюлду. Анда ата мекендик жана чет элдик композиторлордун чыгармалары аткарылды. Атап айтсак, бул карантиндик чаралар жеңилдетилгенден кийин Казакстандын чет өлкөлөрдө уюштурулуп жаткан биринчи маданий иш-чарасы болуп калды.

Айкен Айтбай, музыкант:

- Бүгүн кубанычтуу күн. Баарынан мурда, казак маданиятынын жана казак музыкасынын майрамы. Европалык көрүүчүлөр биздин элдин фольклорун угууну абдан жакшы көрүшөт. Казакстандык композиторлорду жакшы билет. Бул жерде Казакстандан гана эмес, Венадан, Парижден келген коноктор бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков