Казакстандык «Батыр» тасмасы адам укуктары күнүнө карата көрүүчүлөргө тартууланды

Казакстандык «Батыр» тасмасы адам укуктары күнүнө карата көрүүчүлөргө тартууланды

Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү алкагында «Батыр»  кыска метраждуу тасмасынын онлайн бет ачары болуп өттү. Тасма БУУнун колдоосу менен биринчи жолу Казакстанда көпчүлүктүн назарына сунушталды.  «Батыр» фильми сегиз эл аралык абройлуу кинофестивалдын катышуучусу жана Улуу Британияда өткөн фестивалда «Мыкты кыска метраждуу фильм» жана «Эң мыкты аялдын ролу» сыйлыктарын жеңип алган. Ошондой эле, фильм Канада, АКШ, Италия, Жапония жана Орусиядагы фестивалдардын негизги сынактык программаларына киргизилген. Кинокартина чыныгы окуянын негизинде тартылганын белгилей кетүү керек.

ЛАУРА САПА, «БАТЫР» ТАСМАСЫНЫН ПРОДЮСЕРИ:

- Биздин фильм эч кимди күнөөлөбөйт. Эч кимди эч нерсеге чакырып, үгүттөбөйт. Картина  21-кылымда жашап жаткан адамдар жөнүндө чындыкты гана баяндайт. Биз башкы ролдогу адамдын психикалык абалын ачып, көрүүчүлөрдү адамгерчиликке жана түшүнүккө шыктандырууну көздөдүк. Ушундай чоң маселени чечүүгө кичине болсо да салым коштук деп олойм.