Калеки театрында этно-ансамбль түзүлдү

Калеки театрында этно-ансамбль түзүлдү

Казактын улуттук аспаптарынын аткаруусунда заманбап ырлар. Элдик чыгармаларга жаңыча көз караш. Калибек Куанышбаев атындагы Казак драма театрынын алдындагы алгачкы этно-ансамблдин репертуары таң калтыраарлык. 18 музыканттан турган ансамблдин бардык мүчөлөрү - эл аралык жана республикалык сынактардын лауреаттары. Алардын ар бири бир нече аспапта ойной алышат. Өнөрпоздор улуттук музыканы жайылтууга салым кошууну көздөп жатышат.

Маралжан Мырзакулова, ансамблдин дирижёру:

- Биздин ар бир музыкант - бул тажрыйбасы мол чыгармачыл адам. Алар өтө таланттуу, креативдүү, дымактуу, өнөр десе ичкен ашын жерге коё турган чыгармачыл жаштар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков