«Астана Опера» театры ачык аянтта өнөр тартуулайт

«Астана Опера» театры ачык аянтта өнөр тартуулайт

Улуу өнөрдү сагынган коомчулуктун кулагына күмүш сырга! «Астана Опера» театры жайкы open-air концерттер топтомун баштайт. Сахна артисттери үстүбүздөгү кулжа айынын 13нөн алдыдагы теке айынын 6сы аралыгында ачык асман алдында өнөр көрсөтөт. 10го жакын концерттен турган программа театр фондундагы Вивальдинин «Жыл мезгилдери» жана «Опера Гало» сыяктуу шедевр чыгармаларынан турат. Ал чоңдорго да, балдарга да көңүлдүү болушу үчүн иштелип чыккан. Белгилүү опера ариялары, популярдуу элдик ырлар, романстар жана аспаптык пьесалар көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат. Борбор калаанын Искусство үйүнүн уникалдуу долбоору – «PICCOLO» театры Доницеттинин «Дон Паскуале» аттуу эки бөлүктөн турган драмасын сахналаштырат. Ошондой эле, масштабдуу программанын алкагында Италия, Швейцария, Жапония, Орусия жана Чехиядан келген чет элдик артисттердин аткаруусу көрүүчүлөр үчүн көптөгөн күтүүсүз номерлердин бири болот. Борбор калаанын тургундары жана коноктору Мамбетов көчөсүндөгү Аффари жана Борбор шаардык сейил бактарындагы амфитеатрдын сахнасында улуу өнөргө күбө боло алышат. Концерттер акысыз өтөт.

Азамат Жылтыркөзов, «Астана Опера» театры опера труппасынын жетекчиси:

- Учурда театрга келүү дагы эле чектелүү, санитардык нормага ылайык көп көрүүчүлөрдү кабыл ала албай жатабыз. Албетте, биздин артисттер дагы көптөгөн көрүүчүлөрдүн келишин эңсешет. Ошондуктан биз сыртка чыгып, ачык асман алдында бардык санитардык нормаларды сактоо менен таза абада, жандуу үн жана жандуу оркестр менен хор өнөр тартуулайт. Себеби, азыр элди жогорку маданиятка жакындатуу, жогорку классикалык искусство менен тааныштыруу мезгили келди. Баарыбыздын кооптуу шартта жүргөнүбүзгө бир жылдан ашып кетти. Бул биздин артисттер үчүн дагы, биздин театрдын труппасы үчүн дагы чоң ачылыш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков