Жылдыздар казакстандыктарды майрам күндөрү үйдө болууга чакырды

Ата мекендик жылдыздар казакстандыктарды алдыдагы майрамдарды үй-бүлөлөрү менен чогуу өткөрүүгө чакырат. Белгилүү инсандардын көпчүлүгү азыр майрамдай турган убак эмес деп эсептешет. Мындай пикирди карманууга толук негиз бар. Бул биринчи кезекте коронавирустун жайылышы. Алсак, музыкант жана ырчы Али Окапов учурда жакындарыңыздын ден-соолугун биринчи орунга коюуга кез келди, анткени обочолонуу эпидемиянын жайылышын алдын алуунун эң натыйжалуу жолу, дейт.

АЛИ ОКАПОВ, ЫРЧЫ:

- Менимче биз жашообуздун жагымсыз учурларын ушул 2020-жыл менен жабабыз. Бирок биринчи кезекте, бардыгы өзүбүзгө тиешелүү экенин унутпашыбыз керек. Бул көз ирмемдерди өткөрө алуу биздин колубузда. Биз болгону толук жоопкерчиликти сезишибиз керек. Анткени бул биздин жеке башыбызга эле эмес, жакындарыбызга дагы тиешелүү. Ошондуктан, мен өзүмдү жоопкерчиликтүү жаран, музыкант катары өзүн-өзү обочолонтуу жалгыз жана ишенимдүү ыкма деп ынанымдуу түрдө айта алам.

Ырчы Нурлан Абдуллин дагы майрамдарды жакындары менен өткөрө турганын айтат. Атактуу инсан майрамды үй-бүлөсү менен белгилөөгө ниеттенүүдө. Анын айтымында, алар мындай тартипти биринчи локдаундан бери сактап келишет.

НУРЛАН АБДУЛЛИН, ЫРЧЫ, КАЗАКСТАНДЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ:

- Биз бул эрежелерге көнүп калганбыз. Өзүбүздүн тууган-туушкандарыбызды, жакындарыбызды илдетти жуктуруп албоого болушунча аракет кылып жатабыз. Биз бири-бирибизге кам көрөбүз. Ошондуктан, урматтуу казакстандыктар, мен баарыңыздарды санитардык нормаларды сактоого, социалдык аралыкты сактоого, бири-бириңиздерди сыйлоого жана денебизди чың сактоого чакырам. Баарыңыздарды үйдө болууга жана үй-бүлөңүз менен бирге болууга чакырып кетем.