Борбор калаада казактын көчмөн маданияты буюмдарынын көргөзмөсү өтүүдө

Борбор калаада казактын көчмөн маданияты буюмдарынын көргөзмөсү өтүүдө

Казактын улуттук жасалгалары жөн гана зер буюмдары эмес. Мисалы, күмүш зулум рухтардан сактайт, коло убакыттын сырларын ачат. Ушул сыяктуу талаа өнөрүнүн салттарын казакстандык сүрөтчү жана зергер Сержан Баширов жарым кылымдан бери сактап келет. Ал ата-бабалар колдонгон материалдарды пайдаланып, байыркы зер буюмдарды жаңыча жасап чыгарат. Анын эмгектери борбор калаада өтүп жаткан «Белгилер сакчысы» аттуу уникалдуу көргөзмөгө коюлду. Экспозициядан чебердин жыгачтан, жезден жана сөөктөн жасалган автордук инсталляцияларын, ошондой эле, анын жеке коллекциясындагы байыркы казак килемдерин, бешик менен боз үйдүн каалгаларын жана башка казактын көчмөн маданиятынын буюмдарын көрүүгө болот. Көргөзмө баш оона айынын ортосуна чейин уланат.

Лейла Махат, долбоордун куратору:

- Жеке коллекцияга XVIII кылымдан бүгүнкү күнгө чейинки казак элинин таң калыштуу тиричилик буюмдары кирет. Менин оюмча, бул көргөзмөнүн өзгөчөлүгү – зергерчилик өнөрдүн заманбап чыгармалары менен байыркы маданиятыбыздын байланышын жаңы кырынан көрүүгө боло тургандыгында.

Сержан Баширов, айкелчи, зергер, коллекционер:

- Маанисин түшүнүүгө көп убакыт кетет. Мисалы, мен бир жумушту баштайм, аны аягына чыгарбай туруп, экинчисине киришип кетем. Бир жумушту бир айда, кээде бир жылда жасап бүтүшүм мүмкүн. Зер буюмдардан күмүштү пайдаланам. Бул дагы биздин салттуу материал. Ал эми таштардан болсо, ата-бабаларыбыз миңдеген жылдар бою талаада колдонуп келген акак жана көк акак таштарын пайдаланам. Башында айткандай, мен көчүрмөлөрдө айрыкча Батыш Казакстан жасалгаларын, Адай стилин колдондум, бирок бара-бара өзүмдүн кол тамгамды, мындай этно-авангардды өнүктүрдүм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков