Нур-Султанда «Көз карандысыздыктын кырлары» көргөзмөсү ачылды

Нур-Султанда «Көз карандысыздыктын кырлары» көргөзмөсү ачылды

30 сүрөтчүдөн - 60 сүрөт. Нур-Султанда республиканын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Ага ар кайсы эл аралык көргөзмөлөрдө жана симпозиумдарда өлкөнүн атынан чыккан белгилүү кыл калем чеберлери катышууда. Алардын арасында Динара Нугер дагы бар. Сүрөтчү «Балалык Чак» коллекциясынан чыккан уникалдуу эмгектерин сунуштаган.

Динара Нугер, Казакстандын сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөсү, өнөр таануучу, көргөзмөнүн катышуучусу:

- Бул эмгектер борбор калаада төрөлүп, ушул шаарда чоңойгон, кичи мекенин, бир сөз менен айтканда, эгемендүү өлкөнүн борборун сүйгөн муундарга жана ушул мезгилге арналган. Бул шаардын көрүнүктүү жерине айланган «Байтерек» монументинин жанынан өтүп бара жатып, «Менин мектебимдин короосу кайда?» же болбосо борбордук аянттын жанынан өткөн учурда, «Мен кичине кезимде ушул жерде жашаган элем», деген муун. Менин эмгектерим 2018, 2020, 2021-жылдарды камтыйт. Башка авторлор да ар кандай мезгилдерди чагылдырган. Көргөзмөнүн катышуучуларынын жаш курагы ар кандай, алар өздөрү көргөн учурларын сүрөттөөгө аракет кылышкан.

Маалыматка ылайык, авторлордун ар бир чыгармасы ар кандай техникада жасалган. Мисалы, бул сүрөт графика жана скульптурадан. Мындай кадам менен авторлор өз эмгектери аркылуу Эгемендүү Казакстандын тарыхына, маданиятына жана жылнаамасына кайрылышып, өлкөнүн көркөм сүрөт өнөрүн чет өлкөлөрдө жайылтышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков