Казакстан домбрачылары Токио Олимпиадасынын Амбассадору аталды

Казакстан домбрачылары Токио Олимпиадасынын Амбассадору аталды

Домбрачылардын дуэти Темирлан Олжабай менен Ернат Наурыз өлкөнүн Токио олимпиадасында маданият боюнча Амбассадору болот. Мындай чечимди Маданият жана спорт министрлиги кабыл алды.

Эске салсак, жакында улуттук аспапты жайылтып жүргөн өнөрпоздор эл аралык Golden Time Talent фестивалынын жеңүүчүлөрү аталышкан. Анда казакстандык музыканттар белгилүү композитор Антонио Вивальдинин барокко стилиндеги «Жыл мезгилдери» жыйнагындагы «Жай» чыгармасын аткарып, домбранын күүсүнө салып ойногон. Учурда дуэт алдыдагы күндөрү Түркия мамлекетинде казак обондорунун чыгармачыл кечесине даярданууда.

Белгилей кетсек, «Темирлан-Ернат» тобу 2007-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин алар АКШда өткөн эл аралык сынактарда жеңишке жетишип, Димаш Кудайберген менен Кытайда өнөрлөрүн тартуулашкан. Алар Түркия, Израиль жана Европа мамлекеттеринде популярдуу болушкан. Өнөр ээлеринин айтымында, алардын башкы максаты - казактын улуттук аспабын даңазалоо жана аны дүйнө жүзүнө жайылтуу.

Темирлан Олжабай, домбрачы

- Сезимим ашып, жүрөгүм толкунданып турат. Бул биздин жемишибиз эмес, ыйык домбранын жеңиши. Биз ар дайым ушуну айтабыз. Анын касиети ушундай. Ошондуктан азыр аны сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Азыр дагы көптөгөн сунуштар түшүп, чакыруулар көбөйдү. Бирок биз шашпай, өзүбүздүн план боюнча иштейбиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков