Нур-Султанда балдар чыгармачылыгынын көргөзмөсү ачылды

Борбор калаада «Туулган жерим» аттуу XV Эл аралык көркөм сүрөт сынагына катышкан балдардын эмгектеринин көргөзмөсү ачылды. 2004-жылы шаардык деңгээлде өткөн иш-чара бүгүнкү күндө эл аралык деңгээлге чейин өскөн. Быйылкы иш-чарага 400 ашуун жаш таланттын эмгектери калыстар тобуна сунушталып, алардын 31 тандалып алынды. Мелдешке Азербайжан, Беларусь, Башкортостан, Молдова, Татарстан, Өзбекстан, Украина, Орусия жана Казакстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. Иш-чара Эл Башы китепканасынын, борбор калаадагы Заманбап искусство борборунун, Нур-Султан шаарынын Балдар көркөм сүрөт мектеби ЮНЕСКО клубунун колдоосу менен уюштурулду.

КҮЛАЙША АКТАЕВА, КАЗАКСТАНДЫН ТУҢГУЧ ПРЕЗИДЕНТИ – ЭЛ БАСЫ КИТЕПКАНАСЫ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Тогуздун айында сыйлык тапшыруу аземин онлайн режиминде өткөрдүк. Азыркы учурда бул салтанаттуу иш-чарага 15 жыл болду, эми пандемияга карабастан уюштуруучулар биргелешип чоң каталог чыгарууну көздөп жатышат. Анткени азыркы учурда биз эң негизгиси 15 жашка толгон бул эл аралык деңгээлдеги сынактын ар бир этабын өзгөчө көрсөтүү туура болот деп ойлойбуз.