«Бопай Ханым» тарыхый трагедиясы сахналаштырылды

«Бопай Ханым» тарыхый трагедиясы сахналаштырылды

Бопай Ханым – Абилкайыр хандын жубайы катары өзүнүн акылмандуулугу менен казак элинин тарыхына кирген баатыр аял. Улуу Талаа өлкөсүнүн летописине алтын тамгалар менен жазылган хроника биринчи жолу казак драматургдары тарабынан сахналаштырылды. Борбор калаада «Бопай Ханым» спектаклинин бет ачары болду. Режиссёрлордун айтымында, Бопай Ханым Абилкайыр хандын оң колу болуп саналган.

Жулдызбек Жуманбай, спектаклдин режиссёру:

- Элдин оозуна алынган Бопай менен Абилкайырдын махабаты «Козы Көрпештеги ыр дастанындагый дешкен... Экөөнүн махабаты мага кызык болду. Жалпысынан балдарды тарбиялоодо, хандарды, баатырларды, султандарды тарбиялоодо. Бул биздин казак энелерибиздин ичиндеги улуу инсан. Анткени андан үйрөнө турган, үлгү ала турган нерселер көп. Сыймыктанчу инсан.

Өлкөнүн баатыр кызы уулдары менен көптөгөн жортуулдарга катышып, казак отрядынын кол башчысы болгондугу тарыхтан белгилүү. Спектаклдеги окуялардын сериясы толугу менен архивден, элдин оозунда калган хроникалардан түзүлгөн. Пьесада Абилкайыр хан көз жумгандан кийинки мезгил сүрөттөлөт. Башкача айтканда, Нуралы хандын бийликке келиши, орус ханышасы менен ортодогу сүйлөшүүлөр жана Барак Султандын өлүмү сыяктуу окуялар камтылган.

Роза Муканова, «Бопай Ханым» чыгармасынын автору, жазуучу-драматург:

- «Бопай хаымды» жазуу оңой болгон жок. Тарыхый инсан, Абилкайырдын жубайы жана өнөктөшү. Абылкайыр менен бирге ат үстүндө найза кармаган казактын баатыр кызы. Бул жерде биз эне катары да, хандын өнөктөшү катары да, хан өлгөндөн кийинки, өлкөнүн тагдыры, Казак хандыгынын тагдыры сыяктуу окуяларын камтыдык. Бопайдын кайраткерлигин, каармандыгын көрсөтүү аркылуу мекенди сүйүү, падыша менен эл бириккен учурда гана улуу максаттарга жете ала тургандыгын айткым келди. Негизги идеясы ушундай.

Казактар эзелтен кыздарын жогору баалашкан жана сыйлай билген. Чыгарманын авторлорунун айтымында, Бопайдын образынан тарыхый доордогу бардык кыз-келиндер менен энелердин топтолгон образын көрүүгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков