Алматыда Алибек Днишевдин мааракесине карата фестиваль өттү

Алматыда Алибек Днишевдин мааракесине карата фестиваль өттү

Алматыда СССРдин Эл артисти, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты Алибек Днишевдин мааракесине карата театр фестивалы башталды. Ал Чайковскийдин «Евгений Онегин» операсы менен ачылды. Мындай тандоо кокусунан эмес: бир кезде Алибек Мусаевич негизги партиялардын бири - Ленскийди аткарган. Бул заманбап классиканын бир түрү - анда видеографика дагы, жарыктандыруу чечимдери дагы, спектакль учурунда дайыма өзгөрүлүп турган проекциялар жана декорациялар кездешет. Бул Пушкин айылынын атмосферасына толук сүңгүп кирүүгө, ал тургай, алма бактын жытын сезүүгө мүмкүндүк берет.

Шихимардан Абилов, Абай атындагы Казак мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын көркөм жетекчиси:

- Жаңы коюлум оригиналдуу жана кызыктуу. Мен көп чыгармаларды көрдүм, бирок бул өзгөчө. Анда кызыктуу видео-роликтер, жарык чагылдыргычтар бар, декорацияар өзгөрүлүп турат. Анда кандайдыр бир жаңы нерселер көрүүчүлөрдү, ал тургай солисттерди таң калтырат. Бул жаңычылдык. Биз келечектеги жаштарыбызга ушундай классиканы үйрөтүшүбүз керек.

Буга кошумча, фестивалдын алкагында, романстар жана согуш ырлары жаңырган «Жаркыраган жылуу, май күндөрүндө...» аттуу концерт болот. Ошондой эле, көрүүчүлөр Джузеппе Вердинин «Травиата» операсынын жаңыртылган версиясына күбө болушат. Учурдагы фестивалдын акыркы иш-чарасы - Гала-концерт менен жыйынтыкталат. Анын программасында маданий мурастардын Алтын фондусу болгон опералык спектаклдердин ариялары бар. Маалыматка ылайык, фестиваль Абай атындагы Казак улуттук академиялык опера жана балет театры тарабынан уюштурулган. Белгилей кетсек, кирүү «Ashyq» мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков