Казак композиторунун чыгармалары АКШда атактуулукка ээ болду

Казак композиторунун чыгармалары АКШда атактуулукка ээ болду

Бул обондор Голливудду багындырды! Казак композиторунун чыгармалары АКШда атактуулукка ээ болду. Бүгүнкү күндө «Мулан», «Капитан Марвел», «Кумурска адам», «Щелкунчик» жана башка көптөгөн белгилүү фильмдердин трейлерлеринде жаңырган тректердин автору Сергей Азбель болуп саналат.

Бирок ийгиликке жетүү жана белгилүү Голливуд компаниялары менен кызматташуу жолу оңой болгон жок. Сергей Азбель алгач аранжировщик болуп иштеп, кийинчерээк компьютердик оюндарга музыка жазган. Бирок мен ар дайым өз ишимди масштабдуу кылууга аракет кылам, дейт ал.

Сергей Азбель, Композитор:

- Мен трейлер-композиторлор тобуна туш келдим. Бул жабык топ, ал жакка кирүү өтө татаал жана акырындык менен болот. Кадам сайын аракет кылып, өз ишимди көрсөтө баштадым, мени бир лейблге, андан кийин экинчисине кабыл алышты. Биринчи плейсментти алдым, ошентип ишим жүрүшүп кетти. Ал жакта мени жакшы таанып калышты. Ошентип мага Голливудга арналган музыка, трейлер-музыка менен алектенген ири компаниялардан чакыруу сунушу түштү.

Бул казак композиторунун чыгармачылык жолундагы жаңы баскычынын башталышы болгон. Сергей Азбелдин музыкасы тандалып, лицензия бериле баштады. Музыкант кайрадан Алматыга көчүп келгенине карабастан, чет элдик компаниялар менен иштөөнү улантууда.

Сергей Азбель, Композитор:

- Азыр менин Universal Production Музыкасына арналган бир нече альбомум бар. Бул мен иштеп жаткан гибрид гитара альбому, бугу айынын аягына чейин бүтүшү керек. Ошондой эле, биз жеңил тректерге арналган альбомдун үстүнөн иштеп жатабыз – бул америкалык лейбл деп аталат. Музыканы криминалдык драмалык пианинонун стилинде жазабыз. Бул кандайдыр бир криминалдык картиналарга, драмага ылайыктуу формадагы фортепианонун тректери болушу мүмкүн.

Казакстандык кинорежиссёрлор дагы таланттуу композитор менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Сергейдин айтымында, ата мекендик компаниялардан бир нече кызыктуу сунуштар келип түшкөн. Мындай долбоорлордун бири боюнча музыкант буга чейин продюссерлер тарабынан жогору бааланган ишти жасай баштаган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков