Каллеки театрынын симфониялык оркестри эл аралык сынакта баш байгеге ээ болду

Каллеки театрынын симфониялык оркестри эл аралык сынакта баш байгеге ээ болду

Эл аралык деңгээлдеги ийгилик. Калибек Куанышбаев атындагы Казак музыкалык драма театрынын симфониялык оркестри Стокгольм шаарында өткөн Aurora фестиваль-сынагында эки номинация боюнча Гран-при жана биринчи орунду жеңип алды.

Чыгармачыл топ сынакка төрт чыгарма жиберген. Жыйынтыгында оркестрдин аткаруусундагы Курмангазынын «Балбырауын» күүсү жана Майкл Жексондун монтаждалган чыгармасы жеңиш алып келди.

Театр оркестринин репертуарында казактын элдик музыкасы гана эмес, ата мекендик композиторлордун жаңы чыгармалары, чет элдик хиттер, ал тургай джаз композициялары да бар. Буга чейин команда эл аралык мелдештерге катышкан эмес. Алгачкы аракетинен эле оркестр бир учурда эки сыйлыкка ээ болду.

Ерлан Бейсембаев, дирижёр:

- Тарыхыбызда биринчи жолу сынакка катышууга арыз берип, бир эле учурда эки номинация боюнча эң жогорку сыйлыкка ээ болдук. Мындай нерсе буга чейин болгон эмес. Албетте, жеңишке жетерибизге толук  ишенгенбиз.  Анткени биз ар дайым даярдык үстүндө жүрдүк. Бир жумадан кийин кадимкидей сынакка катыша тургандай даярданабыз. Бул биздин режим. Буга кошумча, программабыз ар дайым даяр. Ошол себептен биз сынакка эч кыйынчылыксыз видеону тартып чыктык. Оркестрдин чеберчилигин Гран-при жана биринчи орунга ылайык деп тапкандары кубандырат. Албетте, биринчи кезекте бул жалпы команданын эмгеги.

Которгон: Илгиз Жамалбеков