Улуу композиторлордун урматына арналган концерт өттү

Улуу композиторлордун урматына арналган концерт өттү

«Эки кеменгер». Борбор калаада дал ушундай аталыш менен казактын залкар композиторлору – Ахмет Жубанов менен Латиф Хамидинин урматына концерт өткөрүлдү. «Астана Опера» театрынын солисттери жана артисттери белгилүү авторлордун «Абай», «Ария», «Романс», «Казак вальсы» операларын жана башка вокалдык чыгармаларын аткарышты. Сахнада аткарылган чыгармалар скрипкада, ошондой эле, кобыз, виолончель жана башка аспаптардын коштоосунда тартууланды. Ахмет Жубановдун чебереси, пианист Карина Измаилова дагы көрүүчүлөргө өз өнөрүн тартуулады.

Белгилей кетсек, концерттик программа эки композитордун 115 жылдык мааракесине карата уюштурулду. Ардактуу композиторлордун бай музыкалык мурасы маданияттын алтын фондусуна киргизилген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков