«Улуу Талаанын сезим эркиндиги» аттуу көргөзмө ачылды

«Улуу Талаанын сезим эркиндиги» аттуу көргөзмө ачылды
sxodim.com

Борбор калаада өлкө Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган «Улуу талаанын сезим эркиндиги» аттуу көргөзмө ачылды. Иш-чаранын уюштуруучусу эл аралык деңгээлдеги сүрөтчү Маржан Абилдина. Анын айтымында, бул көргөзмө өзүнүн эмгектерине гана эмес, шакирти Ева Верченконун да эмгектерин көпчүлүккө таанытууну көздөйт. Устат менен шакирттин биргелешкен көргөзмөсүнө 66 эмгек тандалып алынды. Картиниларда казак жеринин кеңдиги, анын кооз жана сулуу жаратылышы баяндалат.

Маржан Абилдина, сүрөтчү/уюштуруучу:

- Биз бул көргөзмөнү алдыдагы келе жаткан майрамдардын алдында борбор калаанын тургундары менен өлкөнүн конокторуна белек катары уюштурууну чечтик. Менин окуучум өнөр мектебинде 6 жыл окуп, ушул жылдар аралыгында ар кандай сүрөттөрдү тартты. Ошол даяр сүрөттөрдүн арасынан биздин өлкөгө болгон сүйүүнү көрсөтө алган, Казакстандын жаратылышынын тематикасына дал келген 12 картинаны тандап алдык. Биз балдар өзүлөрүнүн мекенге болгон патриоттук сезимдерин искусство аркылуу билдире алаарын түшүнүшүн каалайбыз. Ошондой эле, көргөзмөгө коюлган 44 сүрөт менин эмгегим болуп саналат. Алар Германия, Франция жана Түштүк Кореядагы көргөзмөлөргө коюлган. Аны менен катар, пандемия учурунда Казакстанда көп иштедим. Аларды да көргөзмөгө коюуну чечтим.

Майрамдык көргөзмө бугу айынын аягына чейин уланат. Уюштуруучулар карантиндик чаралардын негизинде көргөзмөнү социалдык тармактар аркылуу онлайн режиминде көрүүгө болорун айтат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×