Нур-Султанда дүйнөгө белгилүү сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды

Нур-Султанда дүйнөгө белгилүү сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды

Альбрехт Дюрер, Пабло Руиз-и Пикассо, Рембрандт, Рене Магритт. Казакстандыктар өткөн кылымдагы белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектерин өз көздөрү менен көрө алышат. Борбор калаада «Искусство континенти» аттуу эл аралык көргөзмө ачылды. Ага 15 мамлекеттен 22 сүрөтчүнүн 90 эмгеги тандалып алынган. Уюштуруучулардын айтымында, белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектерин Казакстанга алып келүү боюнча 2 жылдан бери сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Экспозицияда сунушталган эң байыркы чыгарма 1510-жылга таандык. Ошондой эле, көргөзмөгө заманбап сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлду.

Лейла Махат, уюштуруучу:

- Бул долбоорду уюштурууга биз көп күч жумшадык. Себеби, мен биздин континенттин руханий, ар кыл маданиятка ушунчалык бай экендигин көрсөткүм келди. Сүрөттөрдү тандоо бир жагынан өтө оор болсо, экинчи жагынан өтө жеңил болду деп айта алам. Анткени биз Европа маданиятынын шедеврлерин, тактап айтканда, табигый искусствонун кооздугун көрсөткүбүз келди. Башкача айтканда, бул Рембранд, Дюрер, Пикассо, Рене Магритт жана заманбап сүрөтчүлөрдүн эмгектери. Заманбап сүрөтчүлөрдүн эмгектерин карап отуруп, биз азыркы Европанын заманбап маданияты канчалык өзгөргөнүн көрө алабыз. Пикассо, Дюрердин жана Рембрадттын эмгектерин көргөзмөгө алып келүү үчүн биз Европанын жеке коллекциялары жана көргөзмө коллекциялары менен иштедик.

Наталья Карагөз, Молдова сүрөтчүсү:

- Албетте, менин эмгегим Магритт, Рембрандт, Пикассонун чыгармалары менен бирдей көргөзмөгө коюлганына кубанычтамын. Ошондой эле, мени өз өлкөм Молдованы тааныштырып жатканым да абдан кубандырат. Бул жерде көрсөтүлгөн менин бардык эмгектерим Казакстанда жасалган. Себеби, мен азыркы убакытта Нур-Султанда жашайм. Картиналарда Казакстандын атмосферасы бар болушу мүмкүн, анткени алар ушул жерден дем-күч менен жаралган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков