Борбор калаада «Эне жоолугу» көркөм долбоору башталды

Борбор калаада «Эне жоолугу» көркөм долбоору башталды

Мээримдүүлүк менен тазалыктын символу. Борбор калаада «Эне жоолугу» аттуу көчмө көргөзмө ачылды. «Куланшы» заманбап искусство борбору колго алган долбоордо ар кандай жаш курактагы айымдардын жоолуктары бир жерге бириктирилген. Ар бир жоолуктун өзүнүн тарыхы жана мааниси бар.

Лейла Махат, долбоор автору, Куланшы заманбап өнөр борборунун кураторлор кеңешинин төрайымы:

- Бул долбоорго чоң салымын кошуу үчүн көптөгөн кыз-келиндер өздөрүнүн жоолуктарын жөнөтүп жатышат. Энелеринин жоолуктарын алып келгендер да абдан көп. Мисалы, Алматы шаарынын тургуну чоң энеси салынган жоолукту атайын учак менен алып келди. Маркум чоң апасы дүйнөнү кыдырууну кыялданчу экен. Көзү тирүү кезинде ишке ашпай калган кыялын жок дегенде жоолугу аркылуу жүзөгө ашырууну максат кылган. Алардын ар биринде ээсинин жана өлкөсүнүн аты жазылган кичинекей белгилер бар.

Бүгүнкү күндө бул асыл демилгеге жети өлкө катышууда. Жалпысынан көчмө инсталляция 20дан ашуун өлкөгө барат. Көркөм долбоордун авторлору иш-чаранын жүрүшүндө жоолуктардын катары көбөйө тургандыгына ишенишет.

Лейла Махат, долбоор автору, Куланшы заманбап өнөр борборунун кураторлор кеңешинин төрайымы:

- Саякаттай турган өлкөлөрдүн тизмеси алда канча көбүрөөк болот деп ишенебиз. Биз учурдагы пандемияны эске алып, көргөзмөнү жеткире турган логистиканы аныктап, ар кандай жолдорун караштырып жатабыз. Алгач коңшу өлкөлөргө, андан кийин жоолуктарды Кавказга жеткирүүнү мерчемдеп койдук. Кавказдан Орусияга, ал эми Орусиядан Европа мамлекеттерине жол тартабыз. Биз бул жоолуктар аялдар коомчулугун бириктирип, бүткүл дүйнө элдерин камтышын каалайбыз. Анткени кыйын мезгилдерде биз бул аркылуу адамзатка үмүт жана бакыт тартуулагыбыз келет.

Дүйнө энелеринин жоолуктары жүрүшүнүн бардык багыттарын жана жеткен өлкөлөрдөгү көргөзмөлөрдү социалдык тармактар аркылуу онлайн көрүүгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков