Х Эл аралык евразиялык архитектура-дизайн жана дизайнердик мектептер фестивалы өтүүдө

Х Эл аралык евразиялык архитектура-дизайн жана дизайнердик мектептер фестивалы өтүүдө

Коронавирус пандемиясы архитектурага да өз таасирин тийгизет. Казакстанда ишин баштаган 10-Эл аралык Евразиялык архитектура-дизайн жана дизайнердик мектептер фестивалынын катышуучулары ушундай ойлору менен бөлүштү. Салтка айланган иш-чараны быйыл Казакстандын башкы архитектура жана курулуш академиясы менен Новосибирск мамлекеттик архитектура-курулуш университети биргелешип онлайн форматында уюштурду. Фестивалга чогулган архитекторлор келечекте имараттарды түрдүү вирустардын таралуу шартында коопсуз жана кадимкидей жашоого ылайыкташтырып долбоорлоо жолдору табыларына ишенишет.

Айдар Татыгулов, «Kazgor» долбоорлоо академиясынын президенти:

- Учурдагы туруксуз кырдаал бир жагынан көптөгөн тоскоолдуктарды жаратса, экинчи жагынан жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жаткандыгын белгилегим келет. Мисалы, иш-чаранын онлайн өтүүсү катышуучулардын санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Мен курулуш жана архитектура билиминин маанилүүлүгү жөнүндө айткым келет. Алдыдагы убакытта ал өзгөрүүгө учурай тургандыгы шексиз. Пандемиянын келечекте имараттардын көрүнүшүнө таасирин тийгизери талашсыз. Менимче, кандай өзгөрүүлөр болот бардыгын талкуулоо керек. Жаңы тенденцияларды эске алуу зарыл.

Евразия архитектура-дизайн жана дизайнердик мектептеринин 10-Эл аралык фестивалына 16 мамлекеттен 70ке жакын университеттин өкүлдөрү катышууда. Эл аралык иш-чара Казакстандын архитектура жана курулуш академиясынын 40 жылдыгына жана Казакстандагы архитектуралык билим берүүнүн 60 жылдыгына карата уюштурулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков