Казакстандык тасма «Оскарга» сунушталды

Казакстандык «Улуу талаа ыйы» фильми – Голливуддун «Оскар» сыйлыгына талапкер болду. Тасма «Чет тилиндеги мыкты тасма» номинациясы боюнча  сынактын узун тизмесине кирди. Көркөм тасма чыныгы тарыхый окуялардын негизинде тартылган. Анда 1920-30-жылдардагы ачарчылык жөнүндө баяндалат. Белгилей кетсек, «Улуу талаа ыйы»  тасмасынын бет ачары жетинин айында Лос-Анжелесте өткөн Эл аралык Азия кинофестивалында болгон. Буга чейин аталган тасма «Алтын глобус» сыйлыгынын узун тизмесине кирген. Тасма «Чет тилиндеги мыкты фильм» категориясындагы наам үчүн ат салышат. Фильмдин режиссёру жана сценаристи Марина Кунарова көрүүчүлөргө «Арбакка аңчылык» жана «999» сыяктуу эмгектери  менен белгилүү. Акыркысы 2010-жылы Лос-Анжелестеги кинофестивалда «Мыкты чет элдик тасма» деп табылган.