Казакстан менен Ооганстан ортосундагы маданий кызматташтык

Казакстан менен Ооганстан ортосундагы маданий кызматташтык

«Маданият аркылуу диалог» эл аралык долбоору Эл Башы китепканасында кайрадан жанданды. Бул жолу эл аралык долбоордун алкагында сүрөтчү Фаряди Мохаммад Масуддун «Ооган өнөрүнүн белеги» аттуу көргөзмөсү көпчүлүктүн назарына сунушталды. Анда каллиграфия жанрындагы картиналар коюлган. Өмүр бою ушул өнөр менен алектенип келе жаткан автор, казак көрүүчүлөрү ооган маданиятынан руханий азык алат деп ишенет. Өлкөдөгү карантиндик чараларга байланыштуу онлайн режиминде сунушталган көргөзмөнү Эл Башы китепканасынын расмий сайтынан жана социалдык тармактардагы баракчалардан көрүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Фаряди Мохаммад Масуд, сүрөтчү/ Ооганстан:

- Биз менен боордош Казакстан Республикасынын каллиграфия өнөрүн жогору баалап, анын маңызына жана касиеттерине кызыккан мамлекет экени анык. Ислам дини менен касиети Ыйык Куран менен тамырлашкан каллиграфия өнөрү экспонаттарын сиздерге тартуулай алганым мени абдан сыймыктандырат. Сиздерге сунуштоочу алтын жалатылган каллиграфиялык үч китепке Курандын 54 аяты кирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков