Казакстандык скульптор сак өнөрүн заманбап үлгүдө жаңыртууну колго алды

Казакстандык скульптор сак өнөрүн заманбап үлгүдө жаңыртууну колго алды

Сак доорунун сюжеттик композициясы. Ата мекендик сүрөтчү-скульптор Сырым Мүсиреп байыркы өнөрдү заманбап стилде жандандыра баштады. Ал тарыхый экспонаттарды коомчулукка жаңыча көрсөтүү үчүн ошол мезгилдеги сак стилиндеги сүрөттөрдү бир тутумга бириктирүүнү чечкен. Таланттуу адам доорлордун мурасын айкалыштыруу аркылуу муундан муунга мурас болгон дүйнөнү жарыкка чыгарсам, дейт. Ал үчүн өтө күчтүү жана аба ырайына туруштук берген полиуретан материалын колдонууну туура көргөн.

Сырым Мүсиреп, сүрөтчү-скульптор:

- 2020-жылы сактардын калтырган 600 даана экспонаты менен Түркестан шаарындагы музейди кооздоп чыктым. Натыйжада, бул тема мен үчүн кызыктуу болуп, андан ары аны изилдеп, учурда ниетимде ушундай жаңы нерселерди жасап чыгарсам дейм. Мен аны жасап жатам. Алардын ар бири ар кандай деңгээлде айырмаланып турат. Мунун баарын бириктирип, бир сюжетке айландырдым.

Сырым Мүсиреп бул эмгек көргөзмөлөр үчүн гана эмес, ошондой эле, өлкөнүн кооз жерлеринин көркүн ачуу үчүн кеңири колдонулат деп ишенет. Чебердин монументалдык скульптуралары жана сүрөттөрү өлкөдөгү бир катар имараттардын архитектурасын кооздоп турат. Эми казакстандык чебер өз өнөрүн дүйнө жүзүнө таанытып, Улуу Даланын бай түстөрү аркылуу чет өлкөдө улуттук руханий баалуулуктарды даңазалайт.

Сырым Мүсиреп, сүрөтчү-скульптор:

- Илгерки каада-салттын баалуулуктарына ылайык, негизги маалыматтарды алып, азыркы заманга жаңыча жеткирүү үчүн адам изденүү менен бир топ натыйжаларга жетишиши керек, өзүнүн бир артыкчылыгы болушу керек деп ойлойм. Мунун аркасында ушундай архивдерди жаңыча, жаңы деңгээлде көрүүчүлөргө жеткирүүгө болот. Дүйнө, доор өнүккөн сайын бул эмгектерди жаңы көз караш менен бир кыйла кеңири масштабда өнүктүрүүгө жана сунуштоого болот.

Бүгүнкү күндө 24 жаштагы чебер ЮНЕСКО клубдарынын Казакстан улуттук федерациясынын мүчөсү. Ал Эл аралык «Шабыт» фестивалынын жана Мамлекеттик «Дарын» сыйлыгынын лауреаты аталган. Анын эмгектери ата мекендик, чет элдик көргөзмөлөрдө жана симпозиумдарда үзгүлтүксүз жарыяланып турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков