Борбор калаада «Кунанбай» спектаклинин бет ачары өттү

Борбор калаада «Кунанбай» спектаклинин бет ачары өттү

«Каллеки» театры сагынган көрүүчүлөрү менен кайрадан жолугушту. Буга чейин «Абылай хан», «Зере», «Абай» сыяктуу таланттуу инсандар менен өзгөчөлөнгөн театр репертуарынын куржуну эми «Кунанбай» образы менен толукталды. Жаңы спектаклдин сценарийи кинотасмадан алынган. Спектаклдин коюучу режиссёру Болат Узаковдун айтымында, эл Кунанбайды катаал мүнөздүү инсан катары тааныса, бул спектаклде көрүүчүлөр Кунанбайды башка өңүттөн көрө алышат.

Болат Узаков, коюучу-режиссёр:

- Тасманын сценарийи болгон Таласбек Асемкуловдун бул чыгармасын тасманын сценарийин окуганда мени кызыктырган бир нерсе – бул бир жарым жылга жакын түрмөдө отургандан кийин, ал бийликтен жана мүлктөн, айтор бардык дүнүйөдөн баш тартып ажылыкка даярданган. Бул мен үчүн абдан кызыктуу болду. Эмне үчүн ал мындай чечимге келди экен деп. Ошентип отуруп ушундай версияны жасоого бел байладым.

Кунанбайдын образын театрдын актёрлору эки курамда ойношот. Премьеранын биринчи күнүндө Казакстандын эмгек сиңирген ишмери Ерлан Малаев аткарса, ал эми экинчи күнүндө актёр Нартай Сауданбекулы жооптуу ролду аркалайт. Актёр ролду аткарууну өзү суранган.

Нартай Сауданбекулы, актёр:

- Мен буга чейин Балуан Шолактын ролун ойногом, Батыр Баянды ойнодум, менин ролдорумду карасам, алар казактын чек араларын душмандан коргогон баатырлар болушкан экен. Эми мен Абай эмесмин, чындыкты айтыш керек. Эгер мага Абайдын ролун беришсе, аны дагы ойнойт чыгармын, бирок аны көргөн адам «бул Абай эмес» деп айтат. Мен өзүмдү издеп жүргөндө бул Кунанбайдын образы менин алдыман чыккандай болду. Бул негизинен бакыт.

Белгилей кетсек, спектакль өлкө Эгемендүүлүгүнүн жана «Каллеки» театрынын 30 жылдыгына карата сахналаштырылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков