Каллеки театрына 30 жыл

Каллеки театрына 30 жыл

Быйыл Калибек Куанышбаев атындагы театр түрк тилдүү элдердин театрларын бириктирип, жаңы форматта фестиваль уюштурат. Бул тууралуу театр мүдүрүнүн чыгармачылык иштери боюнча орун басары Нуркен Өтеуил билдирди. Азыр театр жамааты 30 жылдык мааракеге кызуу даярданып жатат. Көпчүлүктүн назарына бир нече премьералар менен катар жаңы фестиваль даярдалууда. Фестивалдын планы менен форматы Маданият министрлиги менен биргеликте бекитилет.

Нуркен Өтеуил, к. Куанышбаев театры мүдүрүнүн чыгармачылык иштер боюнча орун басары:

- Быйыл эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы, Каллеки театрынын 30 жылдыгы. Бул чоң маараке жогорку деңгээлде белгиленет. Учурда даярдыктар кызуу жүрүп жатат, алдыда чоң пландар бар. Мына жаңы жылдын башынан баштап эми киришип жатабыз, күзгө чейин 5-6 премьера чыгат. Негизги бөлүгү жетинин айында, күз мезгилинде өтөт. Бул фестивалдар. Министрлик менен кеңешип жаткан ири иш-чаралар бар. Түрк тилдүү элдердин эл аралык театр фестивалын түзүү боюнча чоң пландарыбыз бар. Эгер алар ишке ашса, нур үстүнө нур болот.

Белгилей кетсек, 1991-жылдын жетинин айында ачылган К.Куанышбаев атындагы театр жаңы, чоңураак театрга өткөн жылы Эл Башынын демилгеси менен көчүп барган. Жаңы имаратта театрдын жамааты «Абай» спектаклин коюшкан. Бүгүнкү күндө Искусство Ордосунун жамааты Жаңы жылдын алгачкы «Кунанбай» спектаклин даярдап жатышат. Айта кетсек, анын бет ачары жалган куран айынын 29-30-31не белгиленген.

Куандык Кыстыкбай, К. Куанышбаев атындагы театрдын көркөм жетекчиси:

- Бул чыгарма менен алгачкылардан болуп Досхан Жолжаксынов кино тарткан. Былтыр бул спектаклди Болат ага өзү коюуну сунуштаган. Албетте мен азырбардык сахналык чечимдерди айта албайм, аны көрүү керек. Андан кийин кудай буюрса, алдыдагы 3-4 эмгегибиз быйылкы эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналат.

Бүгүнкү күндө жаңы Каллеки театрынын кызматкерлеринин саны арткан. Театрдын көркөм жетекчиси Куандык Кыстыкбайдын айтымында, жакында артисттерге чыгармачылык эркиндик берген лаборатория ачылат.

Куандык Кыстыкбай, К. Куанышбаев атындагы театрдын көркөм жетекчиси:

- Жасайм деген адамга эркиндик жана мүмкүнчүлүк берилет. Сахнасы да башка, форматы да башка. Анда коюла турган чыгармалар минимализмге ылайык жана биздин актёрлордун жеке, өзүнүн чыгармаларын, моноспектаклдерин, 4-5 кишиге арналган спектаклдерди, өзүбүздүн ичибиздеги актёрлордун арасынан режиссурага барып жаткан актерлорубуз бар. Мына ошолорго мүмкүнчүлүк.

Бул мамлекеттик искусство мекемесинин 30 жылдык мааракесине болгон даярдык. Жамаат карантиндик чектөөлөрдөн улам көрүүчүлөр менен толук кандуу жолугуша албай калганына өкүнөт. Бирок сагынган көрүүчүлөр театрдын сайтынан спектаклдерди онлайн форматта көрө алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков