«Франкофон жазы – 2021» маданий иш-чаралардын сезону

«Франкофон жазы – 2021» маданий иш-чаралардын сезону

«Франкофон жазы» Казакстанда ушуну менен төртүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Бул жылы уюштуруучулар – Франция, Бельгия, Канада, Марокко жана Швейцариянын элчиликтери ар кандай маданий программаларды сунушташат. Салттуу – күнүмдүк киномарафондон тышкары, виртуалдык билим жарманкеси өтөт, ал эми чыныгы падыша дүйнөсүнө сүңгүп кетүүнү каалагандар үчүн – Версаль ичиндеги 3D турлар каралган.

Франкофондор клубу менен театралдаштырылган мастер-класс жана белгилүү француз ашпозчусунун катышуусунда семинарлар, ошондой эле, балдар үчүн оюн-зоок иш-чараларын өткөрүү мерчемделүүдө. Уюштуруучулар Казакстан элин алдыда көптөгөн кызыктуу окуялар күтүп жаткандыгын айтышат.

Иш-чаранын негизги максаты – казакстандыктарды француз тилдүү мамлекеттердин маданий баалуулуктары менен тааныштыруу болуп саналат.

Дидье Канесс, Франциянын Казакстандагы элчиси:

- Быйыл биз салттуу франкофон жазы фестивалын жалган куран айынын 13нөн чын куран айынын 30на чейин өткөрүүнү мерчемдеп жатабыз. Бул жерде француз тилдүү Франция, Марокко Падышачылыгы, Бельгия, Канада, Швейцария өлкөлөрүнүн иш-чаралары көрсөтүлөт.  Биз жалпы Казакстан боюнча 50гө жакын маданий иш-чараны өткөрүүнү мерчемдеп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков