Ата мекендик киноиндустрия: тарыхый тасмаларга басым жасалат

Ата мекендик киноиндустрия: тарыхый тасмаларга басым жасалат

Тарыхый тасмаларга артыкчылык. Өлкөдө жакынкы аралыкта Алтын Ордо жана Улуу Жибек Жолуна арналган масштабдуу кинодолбоорлорду тартууну баштоо мерчемделип жатат. Ал  үчүн Улуттук кинону колдоо боюнча мамлекеттик борбордун адистери мыкты чет элдик кино компаниялардын арасынан өнөктөштөрдү жана инвесторлорду издештирип, жигердүү иш алып барууда. Тарыхый тасмаларды жаратуу тажрыйбасы кызматташуунун негизги шарты болуп саналат.

АРМАН АСЕНОВ, «УЛУТТУК КИНОНУ КОЛДОО МАМЛЕКЕТТИК БОРБОРУ» КЕАК БАШКЫ ПРОДЮСЕРИ:

 - Азыркы учурда Голливуддун гана эмес, Түркиянын, Азербайжандын жана Венгриянын белгилүү ири кинокомпаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Тарыхый жанрда көптөгөн багыттар бар. Алардын бардыгы өз кезегинде жетилүү мезгилин күтүүдө. Ошентсе да, биз болгон аракетибизди Алтын Ордо жөнүндө баяндаган чыгарманы жаратууга жумшап жатабыз.

Белгилей кетсек, жыл башында тарыхый темаларга арналган жаңы кино чыгармаларды тартуу зарылдыгына Мамлекет башчысы өзгөчө токтолгон.

«Бүгүнкү күндө дүйнөлүк киноиндустрияда тарых темасындагы сценарийлерге суроо-талап жогору. Американын дагы, Европанын дагы белгилүү окуялары жөнүндө көптөгөн тасмалар бар. Азыр Netflix, HBO жана башка ири кинокомпаниялар Азияга бет алышты. Буга байланыштуу биздин хроникаларыбызда масштабдуу тасмалардын негизин түзгөн маанилүү учурлар жана окуялар абдан көп. Мисалы, дүйнөдөгү эң күчтүү империялардын бири болгон Алтын Ордонун тарыхы! Бул маселеге келечекте киноиндустриянын адистери өзгөчө көңүл бурушу керек» - Касым-Жомарт Токаев макаласынан.

Алтын Ордо жана Жибек Жолу тууралуу долбоорлордун ишине биринчи кезекте, улуу талаа тарыхын билген адистерди, тарыхчылар менен этнографтарды, тажрыйбалуу сценаристтерди жана кино драматургдарды тартуу мерчемделген. Ошондой эле, тасмага Голливуддун белгилүү актёрлорун тартуу мүмкүнчүлүгү дагы каралууда. Негизги милдет - сапаттуу, суроо-талапка ээ болгон кинону тартуу жана көчмөн элдин кандай жашагандыгын бүткүл дүйнөгө көрсөтүү.

АРМАН АСЕНОВ, «УЛУТТУК КИНОНУ КОЛДОО МАМЛЕКЕТТИК БОРБОРУ» КЕАК БАШКЫ ПРОДЮСЕРИ:

 - Биздин милдет - биринчи кезекте көчмөндөрдүн жашоо образы жөнүндө тасмаларды тартуу. Буга кошумча мындай чыгармалар бизде жаркын каармандарга толгон. Улуу Түрк каганатынан баштап, Моңгол империясы, Түркестан, Казак хандыгы жана башка да эмгектер. Атактуу Жибек Жолу биздин жер аркылуу өткөн. Ошондуктан бул тема кинематографисттердин арасында чоң кызыгуу туудурат. Италиялыктар, орустар жана кытайлар учурда ушул теманын үстүндө иштегиси келет. Биз азыр эл аралык консорциум түзүп жатабыз. Бул көп сериялуу болот.

Ата мекендик кино тармагынын адистери жаңы сценарийлер үчүн темалар көп экендигин айтышат. Анткени Улуу талаанын хроникасы кызыктуу каармандарга, көз карандысыздык жана эркиндик үчүн күрөшкөндөргө толгон. Алардын эрдигин, тайманбастыгын жана аракетин кино аркылуу дүйнөгө көрсөтүү керек. Буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй, бул жаңы аудиторияны тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков