Дубайда казак сүрөтчүсү Сауле Сулейменованын көргөзмөсү өтөт

Дубайда казак сүрөтчүсү Сауле Сулейменованын көргөзмөсү өтөт

Желим баштыктардан жасалган картиналар. Дубайда казакстандык сүрөтчү Сауле Сулейменованын өзгөчө көргөзмөсү өтөт. Талант ээси Эмираттарда көргөзмө өткөрүү үчүн атайын чакыруу алды. Экспозициянын ачылышы жалган куран айынын 9на белгиленген.

САУЛЕ СУЛЕЙМЕНОВА, СҮРӨТЧҮ:

 - Көргөзмөгө «Келин» аттуу картинамдын чакан нускасын сунуштайм. Бул спектакль, лайф-шоу болот. Ошондой эле, «Үч колукту» аттуу эмгегимди да көргөзмөгө коём. Бул менин үч кыздан турган композициям. Шөөкүлө менен, эми турмушка чыга турган жана турмушка чыккан кыздар жөнүндө. Мен үчүн алардын жөнөкөй, өтө жаш кыздар болушу абдан маанилүү. Аны жасоого архивдеги фото-сүрөт негиз болгонун айткым келет. Бул 1879-жылдагы фото-сүрөт. Ал мени шыктандырып, бир катар чыгармаларды жаратууга себеп болду. Мындан тышкары, аталган көргөзмөгө  «Самвей Инзегрейд стет» аттуу «Улуу Талаада»  долбоорунан өз эмгектеримди коём.

Сүрөтчү «целлофандуу живопись» жанры менен 2017-жылдан бери алектенет. Ал азыркы замандын глобалдык маселелерине өнөр аркылуу  көз караш билдирүүгө кызыктар болгон. Андан бери чебердин колунан ар кандай темада көптөгөн чыгармалар жаралды. Деген менен автордун негизги максаты - өзүнүн чыгармачылыгы аркылуу казактын улуттук каада-салтын жайылтуу. Белгилей кетсек, Сауле Сулейменова чыгармаларына арналган керектүү материалдарды өзү топтойт.

САУЛЕ СУЛЕЙМЕНОВА, СҮРӨТЧҮ:

 - Эгерде мен улуттук образдарга кайрылсам, ал аркылуу өлкөбүз тууралуу, биздин каада-салттарыбыз жөнүндө башкаларга айтып бере алам. Улуттук имидж аркылуу жалпы глобалдык көйгөйлөрдү көтөрүп жатканым өзүмө жагат. Тааныштарым атайын түстүү баштыктарды, сувенирлерди, той баштыкчаларын атайын алып келишет. Мага баарынан да тойдон калган баштыкчалар абдан жагат. Алар өзгөчө кооз.

Белгилей кетсек, казакстандык сүрөтчүнүн көргөзмөсү Art Dubai заманбап сүрөт искусствосунун эл аралык жарманкесине арналган. Бул Бириккен Араб Эмираттарынын гана эмес, дүйнөлүк өнөрдүн маданий жылнаамасындагы эң жаркын окуялардын бири.