Алматыда композициялык мурас борбору пайда болот

Алматыда композициялык мурас борбору пайда болот. Аны Абай атындагы Казак Мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын имаратында түзүү көздөлгөн. Долбоордун алкагында 260 ашык партитура заманбап санарип тутумга келтирилет. Ал 1934-жылдан бери ата мекендик сахналарда коюлган балеттердеги казак композиторлорунун чыгармаларын камтыйт. Ушул сыяктуу быйылкы пландар менен көркөм өнөр борборунун мүдүрү Ая Калиева бөлүштү. Анын айтымында, быйыл репертуардык кордогу мыкты спектаклдер кайрадан жанданат. Алматылык театрдын тарыхындагы шедевр делген чыгармалардын катарында Арам Хачатуряндын «Спартак» балети бар. Анын көрүүчүлөр назарына коюла электигине 10 жылдын жүзү болду. Искусство сүйүүчүлөр коому алдыдагы кулжа айында сүйүктүү спектаклге күбө болушат. Ошондой эле, театрга белгилүү заманбап композитор Сергей Баневичтин «Кай жана Герданын окуясы» аттуу балдар операсынын музыкалык материалын колдонуу укугу берилет. Ахмет Жубановдун 115 жылдыгына карата «Енлик-Кебек» сыяктуу бир катар жаңы спектаклдердин бет ачары болот.

АЯ КАЛИЕВА, АБАЙ АТЫНДАГЫ КАЗАК МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯЛЫК ОПЕРА ЖАНА БАЛЕТ ТЕАТРЫНЫН МҮДҮРҮ:

 - Эгер кырдаал алдыдагы убакытта да карантиндик чектөөлөргө байланыштуу болсо, биз бир катар долбоорлорду онлайн режиминде уюштуруп, видеороликтерди тартабыз. Азыркы учурда биз үчүн эң башкысы - шаардын башкы санитардык дарыгеринен кадимки режимге өтүүгө уруксат алуу. Чыгармачыл топту чогултууга мүмкүнчүлүк болсо жакшы болмок. Сахналык чыгарманын өндүрүмдүүлүгү кызуу даярдыктын натыйжасы. Эгер кырдаал оңолбосо, биздин биринчи жарым жылдыкка меремделген үч премьера экинчи жарым жылдыкка жылдырылышы мүмкүн. Ал Алматы жана жалпы Казакстандагы эпидемиологиялык кырдаалга түздөн-түз байланыштуу болот.