«Эр Эдиге – Ногой доорунун жыры» аттуу музыкалык альбом жарыкка чыкты

Түрк элдеринин арасында эң белгилүү болгон «Эдиге баатыр» эпосуна 600 жыл. Мааракелүү датага карата борбор калаада тарыхый ыр менен бирдей аталыштагы музыкалык альбомдун бетачары болду. Альбомго «Эдиге баатыр» эпосу, Мурын Жырау вариантындагы «Крымдын кырк баатыры» жана «Карасай-Кази» сыяктуу дастандар, ошондой эле эл оозунда жүргөн бир катар илгерки элдик ырлар киргизилген. 500 нускада чыккан жыйнак  эки бөлүмдөн жана 10 аудио дисктен турат. Альбомдон тышкары, улуттук фольклорго тиешелүү жаңы тарыхый маалыматтар камтылган кошумча китеп да бар. Анда элдик оозеки адабиятынын берметтери, акындардын өмүр баяндары казак, орус жана англис тилинде жарык көрдү.

АЛМАС АЛМАТОВ,   ДОЛБООР ЖЕТЕКЧИСИ, РКНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ:

 - 60 сааттан турган  диск түрүндө 42 ырчынын айтуусунда «Эр Эдиге - Ногой доорунун ыры» долбоорунун бетачары болуп жатат. Бул биздин элибиздин тарыхый мезгилдеринен бери келе жаткан окуя-дастан, - деп түшүнөбүз. Булар келечекте салттуу искусство, ыр, поэзия адистиктеринде окуп жаткан студенттер үчүн электрондук окуу куралдары болуп саналат. Дагы да жогорку өңүттө калктын керектөөсүнө ыңгайлуу жолдору каралат деп ойлойбуз.