Атырау аймагында байыркы шаардын орду табылды

Атырау аймагында байыркы шаардын орду табылды

Атырау облусунда дагы бир байыркы шаардын орду табылды. Сарайшыктан 25 чакырым алыстыкта, Сарай-Бату багытына карай 100 гектар жер байыркы шаардын орду экенин дароо эле байкоого болот. Изилдөө учурунда археологдор мүрзөгө окшош дагы бир объектти табышкан.

Мадияр Елеуов, Тарых илимдеринин доктору, профессор

- Акыркы эки жылдын ичинде 10го жакын шаар жана калктуу-конуштар ачылды. Ага ылайык, ушул Сарайшыктан чыгып, 3 тарапка бара турган кербен жолдорунун багыты аныктала баштаган. Мунун бир натыйжасы азыр Карагайлы деген жерден чакан шаар табылды. Казуу иштери эми эле башталды. Жер бетинде жаткан объектилерге караганда, ал Казак хандыгы, Алтын Ордо доорунда ушул Сарайшыктын азыркы шаары болгондугу талашсыз.

Абилсейит Мухтар «Сарай шык» мамлекеттик музей-корунун мүдүрү

- Аймак болжол менен бир миң чарчы метрди түзөт. Бул мезгилде толук жана чачылган чопо идиштер, орто кылымдарга таандык экспонаттар, ошондой эле 14-кылымдын тыйындары табылган. Казакстандын тарыхына кошулган чыныгы салым экенин белгилегибиз келет. Орус окумуштуусунун айтымында, мындай чоң күмбөздөр Орусияда да бар. Бирок алардын баары тонолгон. Ал эми биздин күмбөздүн өзгөчөлүгү – пайдубалы, астыңкы кабаты толук сакталгандыгында.

Өлкөгө белгилүү жана Орусиядан келген археологдор дал ушул жерде расмий адам көмүлгөн болушу мүмкүн деп болжолдошууда. Ал эми окумуштуулардын бири бул Улуу Жибек жолундагы кербен сарай болушу мүмкүн деген пикирди айтып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков