Казакстан тарыхын QR-код аркылуу изилдөө

Казакстан тарыхын QR-код аркылуу изилдөө

Казакстандын тарыхын үйрөнүүгө жаңы мүмкүнчүлүк. Мисалы, Атырау шаарында каалаган адам Сарайшык шаары жана музей-коругу, Хиуаз Доспанова, Жумекен Нажимеденов жана Дина Нурпейисованын эстеликтери тууралуу QR-коддун жардамы менен биле алат. Облустун маданий мурастарын санариптештирүү долбооруна жергиликтүү бюджеттен 15 миллион теңге жумшалды. Белгилей кетсек, учурда облуста республикалык маанидеги 4 жана жергиликтүү деңгээлдеги 300дөн ашык тарыхый-маданий эстеликтер бар.

Алима Рамазанова, Облустук ишкердик жана туризм башкармалыгынын бөлүм башчысы

- 5 тилде маалымат ала алат. Башкача айтканда, казак, орус, англис, түрк жана кытай тилдеринде. Маалыматты тренинг аркылуу алууга болот, ошондой эле аудио жазууну угуу аркылуу жана 3D турга баруу аркылуу маалыматтар берилет. Бул эми ар түрдүү Казакстандын облусттарынан келген, чет элдик туристтер үчүн абдан ыңгайлуу долбоор.

Ал эми Павлодарда белгилүү акын-жазуучулардын, коомдук ишмерлердин адабий мурастары мүмкүн болушунча пропагандаланып жатат. Аялдамаларда белгилүү тарыхый инсандар тууралуу маалыматтар жайгаштырылган. Жалпысынан мындай чакан музейлерди 40тан ашык сыяктуу жайларда уюштуруу көздөлгөн. Ушундай жол менен долбоордун авторлору шаар тургундарын Казакстандын тарыхына зор салым кошкон кайталангыс инсандардын билим берүү жана чыгармачылыгы менен тааныштырууну максат кылышкан.

Медет Таускан, Облустук маданият жана тилдерди өнүктүрүү, архив иштери башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу

- Бул жерде эң сонун нерсе, ар бир тургун аялдамада автобус күтүп, ушул мамлекетке, кызмат кылган, ушул жер үчүн өздөрүнүн бүт күчүн жумшаган жарандарды таанып-билүүсү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков