«Астана Опера»: «Собор Парижской Богоматери» кайрадан сахналанат

Цыган кызы Эсмиральда, бүкүр Квазимодо, келбеттүү мырза Феб жана чиркөө кызматкери Фролло. Казакстандын Башкы опера театрында «Собор Парижской Богоматери» кайрадан сахнага коюлат. Атактуу балет «Астана Опера» тетарында 2016-жылы жергиликтүү искусство сүйүүчүлөрүнө тартууланган. Белгилей кетсек, аталган спектакль мындан туура жарым кылым мурун Парижде биринчи жолу коюлган. Аны алгачкылардан болуп, белгилүү француз хореографы Ролан Пети койгон. Борбордук театр сахнасындагы жаңы нускасы Петинин күйөөсү жана жардамчысы Луиджи Бонинонун көз карашы менен жарыкка чыкты.

ЛУИДЖИ БОНИНО, БАЛЕТМЕЙСТЕР:

 - Бул башка балеттерден өзгөчөлөнүп турган кооз спектакль. Классикалык көркөм чыгарма. Буга чейин балет көрбөгөн адамдар да түшүнө турган, абдан жеңил кабыл алына турган спектакль. Мен ушул жерде калгым келет. Мага аябай жагат. Келгим келип турат. Бул жакка тез-тез барып турууну каалайм. Мен ар дайым ушуну айтып келем.

Ролан Петинин спектаклин борбордук театрдын таланттуу артисттери аткарышты. Квазимодо менен Эсмиральда партияларын «Астана Опера» театрынын алдыңкы солисттери Бахтияр Адамжан менен Айгерим Бекетаева ойноду. Ошондой эле спектаклдин ийгиликтүү болушуна кардебалет, сахна жасалгасы менен масштабдуу декорация, музыкалык коштоолор жана костюмдар себеп болду. Ошентип көрүүчүлөр балетке ыраазы болушуп, өткөн кылымдагы сырдуу Францияга саякаттап келишти.