Борбордо америкалык сүрөтчүнүн көргөзмөсү ачылды

Түстөрдүн гармониясы! Улуттук музейде америкалык сүрөтчү Шри Чинмойдун интуитивдик сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды. Кылкалем чебери түстөрдүн туура айкалышы аркылуу адамдын акыл-эсине таасир этип, нервдерди тынчтандырат деген ойго негизделген. Ал тургай, өзүнүн «Джарна Кала» деп аталган стилин иштеп чыккан. Бул ички жан дүйнө сезимин билдирген «буркак өнер» дегенди билдирет. Бүгүнкү күндө сүрөтчүнүн чыгармаларынын түп нускалары дүйнөнүн белгилүү музейлеринде туруктуу экспонат катары сакталып турат. Жанга шыпаа болор өзгөчө чыгармалар менен алдыдагы бирдин айынын 10на чейин таанышууга болот.

НАЗГҮЛ КАДИРИМБЕТОВА, РКНЫН УЛУТТУК МУЗЕЙИ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

 - Бул бир гана  улуу муундун өкүлдөрүнө эмес, аны менен катар жаш муундарыбызга да бул жерде түстөр менен ойноо, боёктордун өзгөчөлүгү, ал боектордун сезгичтиги балдардын да, чоңдордун да аң-сезимине таасир эте алган көргөзмөнүн артыкчылыгы болуп саналат. Сүрөттөр өзүнүн кооздугу менен гана эмес, аты айтып тургандай, түстөрдүн шайкештиги жана айкалышкандыгы менен уникалдуу болуп, көрүүчүлөрдү өзүнө тартып турат. Бул конокторду тартууга жардам берет деп ишенебиз.