Көчмөндөр маданиятына арналган көргөзмө

Көчмөндөр маданиятына арналган көргөзмө

Көчмөндөрдүн тарыхый мурастары 3D форматында. Павлодар облустук чөлкөм таануу музейинде таш, эрте темир доорунун эстеликтери, аскага тартылган сүрөттөр жана башка көптөгөн байыркы экспонаттар коюлду. Мисалы, бул жыгач тарактын так көчүрмөсү. Тарак сарматтык аялга таандык. Ал жерге көмүлгөн кезде идиш-аяктары менен бирге күйүп, топуракта анын изи гана калган. Уникалдуу экспонат Казакстандын батышындагы Токсай көрүстөнүнөн табылган.

Георгий Пересветов, археолог:

- Жыгач, кийиз сыяктуу материалдар сакталбайт. Археологдор тарабынан табылган экспонаттар абдан эски жана начар абалда. Ошондуктан алар көргөзмөгө коюлбайт. Бирок ал археологдордун колунда жана музей коллекцияларында сакталып турат.

Археологдор 3D сканерлөөнүн жардамы менен скиф-сак дооруна таандык ондогон экспонаттарды калыбына келтиришти. Байыркы буюмдарды Евразия талааларындагы Монголия, Алтай, Кара деңизге чейин, анын ичинде Павлодар Иртыш аймагында жашаган уруулар колдонушкан.

Гүлдана Адилова, көргөзмөнүн коногу:

- Казакстандын тарыхынан көп маалыматтарды билип, бул жакка келдик. Абдан жакты. Көргөзмөдөн абдан эски нерселерди көрдүк. Мен дагы да көбүрөөк билгим келет.

Кауа Шаймарданова, көргөзмөнүн коногу:

- Абдан таасирдүү, анткени азыр бизде бардыгы механикалаштырылган. Башкача айтканда, бардыгы заманбап технологиянын жардамы менен жасалат. Мурда мунун баары кол менен жасалчу. Абдан таасирдүү.

Белгилей кетсек, Евразиянын бардык аймактарынан табылган экспонаттардын 3D көчүрмөсүн жасоо иштери улантылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков