«Астана опера» театры Алматыда конокто

«Астана опера» театры Алматыда конокто

Алматылыктар бир актылуу «Шахерезада» хореографиялык драмасын көрүштү. «Астана Опера» театрынын балет труппасы түштүк калаага иш-сапары менен келди. Алар Абай атындагы Казак улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасында өнөрлөрүн тартуулашты. Артисттердин чеберчилиги, спектаклдин таасирдүү музыкасы, тарыхый декорациялар жана кийимдер алматылык көрүүчүлөрдү жомок дүйнөсүнө алып барды.

Гаухар Усина, «Астана Опера» театрынын жетекчи солисти, РКнын Эмгек сиңирген ишмери:

- Мен «Шахерезада» спектаклинде Зобеиданын ролун аткарам. Мен үчүн бул абдан өзгөчө спектакль. Анткени ал эмоцияларга бай. Анын үстүнө чыгыштын өздүк колорити мага жакын. Бул партия техникалык жактан кыйын эмес, эмоционалдуу. Эмоцияны 12 мүнөт бою жеткирүүгө көп чыдамкайлык жана демди туура кармоо үчүн күч талап кылынат. Бул үчүн биз дайыма залда иштейбиз. Сахнадан көрүнбөйт деп ишенем жана көрүүчүлөр биздин спектаклден ырахат алып, толкунданып кайтышат деп ойлойм.

Людмила Рудакова, педагог-балетмейстер:

- Мага Шахерезада абдан жагат. Ал таза классика, ал мурас. Мыкты коюлган. Абдан жакшы аткарылды. Албетте, башка спектакль күткөн эмесмин. Биздин артисттер жакшы. Балет өнүгүп, гүлдөп жатат. Бул кубанарлык жагдай.

Гастролдук программага театрдын алдыңкы солисттери Бахтияр Адамжан, Айгерим Бекетаева, Анель Рустемова катышты. Артисттер гала-балеттин эки вариантын даярдашкан, анда классикалык жана заманбап спектаклдерден түрдүү көрсөтүүлөр камтылган. Чайковскийдин «Ак куу көлү», Бананын «Талаа үнү» же Шопендин «Елес балы» көрүүчүлөрдүн назарына тартууланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков