Чыгыш Казакстан облусундагы мектептерде улуттук аспаптарда ойноо жанданууда

Чыгыш Казакстан облусундагы мектептерде улуттук аспаптарда ойноо жанданууда

Жаш урпактын талаа музыкасына деген кызыгуусун ойготуу. Бул максатта Чыгыш Казакстандын алыскы айылдарында балдар оркестри түзүлдү. Алар жетиген, сазсырнай, шаңкобыз сыяктуу байыркы улуттук аспаптарда ойногонду үйрөнүшөт. Маселен, 8-класстын окуучусу Гулим Оразгалинова бир жыл бою шаңкобызды мыкты өздөштүргөн. Бул аспаптан чыккан музыка туулган жердин жаратылышын эске салат, дейт.

Белгилей кетсек, бул аспаптар райондун Туруктуу өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. Фонд мектептерге 12 миллион теңгеге 121 аспап белек кылды. Мындай кадам менен демөөрчүлөр фонд Назарбаев интеллектуалдык мектеби менен биргеликте айылдагы билим берүү борборлорун жаңы деңгээлге көтөрөт.

Серик Жүнисов, Районду өнүктүрүү коомдук фондунун аткаруучу мүдүрү:

- Биздин стратегиябыз боюнча 3 негизги айыл мектебин, башкача айтканда, Улкен-Нарын, Катон-Карагай, Урыль, ушул алты мектепти толук жабдыктап чыгабыз. Фонд ар бир мектепке 200 миллион теңге жумшап жатат.

Нурдана Омар кызы, музыкалык жетекчи:

- Балдардын баары жетиген, шаңқобыз, сазсырнай сыбызгы черткенди үйрөнүп жатышат. Муну менен катар, балдар сейрек кездешүүчү дангара деген аспапта ойногонду үйрөнүшүүдө.

Кошумчалай кетсек, Катон-Карагайдагы окуу жайларында заманбап класстар бар. Алардын арасында робототехника жана чакан тигүү фабрикасы орун алган. Ал эми билим деңгээли шаардык мектептерден кем калышпайт, ата-энелер дагы буга ыраазы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков