Казакстан көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган фото көргөзмө

Казакстан көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган фото көргөзмө

Эгемен Казакстандын фото-хроникасы. Кытайда Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды. Сүрөттөр шарттуу түрдө үч он жылдыкка бөлүнөт жана эгемендүү республиканын түптөлүшү, мамлекеттүүлүктү бекемдөө, экономикалык өсүү жана өнүгүү этаптары сыяктуу темаларды камтыйт. Иш-чаранын жүрүшүндө домбранын үнү, кобыздын мукам күүсү конокторду казак талааларына саякатка чыгаргандай болду.

Чжан Хуа, Кытай эл аралык жаштар алмашуу борбору төрагасынын орун басары:

- Эгемендүүлүктүн 30 жылы ичинде Казакстан таң калаарлык ийгиликтерге жетишти. Бүгүн көргөзмөдө биз сиздердин өлкөңүздөрдүн өткөндөгү даңктуу калыптануу жана өнүгүү жолун көрө алдык. Келерки жылы биз дипломатиялык мамилелердин орногонунун 30 жылдыгын белгилейбиз. Биздин өлкөлөр кызматташтыкты, анын ичинде Кытай менен Казакстандын ортосундагы достукту тереңдетүү үчүн өз күчүн жана кубатын колдоно алган жаштар өз ара аракеттенүүсүн мындан ары да бекемдейт деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков