«ТҮРКСОЙ» Низами Гянджевинин 880 жылдыгына арналган көргөзмө уюштурду

«ТҮРКСОЙ» Низами Гянджевинин 880 жылдыгына арналган көргөзмө уюштурду

Түрк дүйнөсүнүн инсандарын дүйнөгө таанытуу. Нур-Султан шаарында ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана Казакстандын Туңгуч Президенти Эл башы китепканасы тарабынан уюштурулган белгилүү азербайжан акыны, перс поэзиясынын классиги Низами Гянджевинин 880 жылдыгына арналган көркөм-альбомдун жана көргөзмөнүн бет ачары болду. Буга чейин мындай арт-альбом түрк дүйнөсүнүн белгилүү инсандарына, анын ичинде казактын улуу акыны Абай Кунанбай уулуна, Чыңгыз Айтматовго, Олжас Сулейменовго арналып чыгарылган.

Дүйсен Касейинов, «ТҮРКСОЙ» эл аралык уюмунун баш катчысы:

- Биз Низами Гянджевини жалгыз азербайжан философу, Азербайжандын акыны катары даңазалабайбыз, аны түрк дүйнөсүнүн Низамиси катары белгилейбиз. Ошондуктан жыл бою конференциялар, көргөзмөлөр, китептер чыгарылып жатат. Бул альбом сериядан чыккан. Эми минтип Низами альбому түрк дүйнөсү сүрөтчүлөрүнүн Низамини окуган жана андан таасирленген эмгектеринен турат. Мындан кийинки иш-чараларда биз бул альбомду Европага да, Америкага да жайылтууга аракет кылабыз.

Арт-альбомдогу ар бир сүрөттүн өзүнүн тарыхы бар. Анткени ал картиналарды акындын чыгармаларынан шыктанган сүрөтчүлөр тарткан. Бүгүнкү күндө китепте 100дөн ашык эмгек камтылган. Бирок анын айрымдары гана көргөзмөгө коюлду. Белгилей кетсек, көркөм альбомдун тушоосу алгач Азербайжандын борборунда кесилген. Уюштуруучулардын айтымында, китептин кийинки бет ачары Австриянын Вена шаарында өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков