Улуу Британияда казак өнөрүнүн кечеси өттү

Улуу Британияда казак өнөрүнүн кечеси өттү

Улуу Британияда казактын элдик ырлары жана күүлөрү жаңырды. Бир туугандар Аида жана Азамат Жаханбектер Сомерсет графтыгындагы Крукерн шаарында концерт коюшту. Британдыктар «Кос Арна» дуэтинин аткаруусунда Абай менен Нургиса Тлендиевдин чыгармаларын угушту.

Стив Браун, көрүүчү:

- Кызыгы, бизде да казак музыкасы бар, мен билген элдик музыкага окшош экенин байкадым. Мисалы, ирландиялык аспаптардын үнү менен окшош экени таң калычтуу.

Ин Трайб, Олуя Варфоломей чиркөөсүнүн достору уюмунун төрагасы:

- Буга чейин казак музыканттарынын өнөрүн көргөн эмесмин. Алар сонун аспаптарда ойноду. Алардын сырткы көрүнүшү да өзгөчө. Бири, мисалы, төөнүн терисинен жасалган экен.

Муну менен катар, XIX кылымдын ортосунда казак талаасында дүйнөгө келген Алатау Тамшыбулак Аткинсондун «Рождестволук коңгуроолор» обонуна жазылган ырдын бет ачары өттү. Автор европалыктардан алгачкылардын бири болуп Казакстанды изилдеген атактуу саякатчылар Томас менен Люси Аткинсондун уулу. Мындан 125 жыл мурун пайда болгон бул ырды атактуу британиялык композитор жана пианист Майкл Цисани-Уиллс жазган.

Майкл Цисани-Уиллс, композитор:

- Албетте, ырдын эң негизги бөлүгү казак өнөрүнө түздөн-түз байланыштуу. Аида менен Азамат мени укмуштуудай домбра жана анын үнү менен тааныштырды. Ошентип, мен ал аспаптарды Рождество ырында колдонууга аракет кылдым. Натыйжада казак, гавайи жана англис маданиятын айкалыштырган чыгарма.

Айта кетсек, Казакстандын Улуу Британиядагы элчилигинин колдоосу менен өткөн иш-чарадан түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков