Казакстандык кинодолбоор Biennale College Cinemaнын чыгарылышына тандалып алынды

Казакстандык кинодолбоор Biennale College Cinemaнын чыгарылышына тандалып алынды

Казак режиссёру Эльдар Шибанов менен продюсер Юлия Левицкаянын толук метраждуу «Горный лук» көркөм тасмасы биринчи жолу Biennale College Cinemaнын 10-чыгарылышына тандалып алынды. Венециядагы иш-чара Италиянын Маданият министрлигинин колдоосу менен кинолаборатория түрүндө уюштурулду. Негизги максат – кино тармагындагы жаңы таланттардын ысымдарын аныктоо жана кеңири жайылтуу. Ата мекендик режиссёрдун тасмасы 11 жаштагы Жабайдын тагдырын баяндайт. Белгилей кетсек, Эльдар Шибанов финалга Италия, Иран жана Финляндиянын өкүлдөрү менен бирге чыкты. Өз ишинин чеберлери Венециядагы эки семинардын бирине катышууга жетишкен. Ал эми үчтүн айында Биеннале гранты ыйгарыла турган көркөм фильмдер өндүрүшүнүн башталышына арналган экинчи семинар өткөрүлөт. Андан соң эмгектер 79-Венеция кинофестивалында көрсөтүлөт.

Эльдар Шибанов, режиссёр:

- Негизги талаптардын бири – тасманы өз убагында жана макулдашылган бюджеттин чегинде тартуу. Бул биринчи кезекте өз алдынча өндүрүш болушу керек. Анткени бул кичинекей бюджеттик кино, микробюджет десек да болот. Бул Биеннале колледжине катышуу менин долбоорумдун талдоочулук баасы болот. Аны ишке ашыруу жана жайылтуу үчүн А классынын эл аралык фестивалында презентация жасоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле, адистер менен семинарларды өткөрүп, дүйнөнүн эң мыкты кинорежиссёрлорунун кызыктуу долбоорлору менен таанышууга болот. Мен үчүн эң негизгиси семинарларда өзүмдүн долбоорум боюнча баа алып, ал боюнча ар кандай пикирлерди билүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков