Нур-Султанда казакстандык жана испаниялык артисттердин классикалык музыка кечеси өттү

Нур-Султанда казакстандык жана испаниялык артисттердин классикалык музыка кечеси өттү

«Астана» концерт залынын сахнасында классикалык музыка кечеси. Казакстандык жана испаниялык музыканттар борбор калаанын тургундары жана меймандары үчүн өз өнөрлөрүн тартуулашты. Уюштуруучулардын айтымында, Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чара эки элдин руханий мурасын көрсөттү. Чакырылган солисттер майрамда ар дайым кооз музыка жаңырылышы керектигин белгилешти. Музыка кечесинде мындай обондорду Еркегали Рахмадиев атындагы Мамлекеттик академиялык филармониянын симфониялык оркестри жана Испания элчилиги тарабынан чакырылган белгилүү артисттер аткарышты. Алардын арасында атактуу астуриялык виолончелист, эл аралык сынактардын лауреаты Габриэль Уренья бар. Мындай иш-чаралар Казакстан менен Испаниянын маданият тармагындагы кызматташтыгын мындан дагы да өнүктүрөт жана бекемдейт, - дешет уюштуруучулар. Ошондой эле, концертте музыка каармандары жандуу үн менен өнөр тартуулашты.

Хорхе Урбиола Лопес Де Монтенегро, Испания королдугунун казакстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Маданият жана музыка Казакстан үчүн абдан маанилүү экенин билем. Бизде мыкты солисттер бар, ошондуктан Испания элчилигинен белек катары бул концертти уюштургум келди. Габриэль Уренья - виолончелист жана учурда Испаниядагы эң белгилүү солисттердин бири. Албетте, ал абдан жаш, бирок Европадагы эң популярдуу музыканттардын бири.

Которгон: Илгиз Жамалбеков